Бишкекте Баялинов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган көчөлөрдүн кесилишине жол чырак орнотуу боюнча тендерди Вокко компаниясы утуп алган. 20-декабрдан тарта компания ишке кирген.
Жол чыракты орнотуу үчүн шаардык казынадан 500 миң сом коротулду.
Эске салсак, 24-kg.com агенттигинин окурмандары аталган кесилиште жол чырактын жоктугунан кырсык көп болот деп билдирүү калтырышкан. Алар мэриядан жол чырак орнотуп берүүнү суранып келишкен.


