Бишкекте Каба уулу Кожомкулга арналган музей ачылат. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Каба уулу Кожомкул Эл аралык коомдук фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык,саамалык балбандын 130 жылдык мааракесинин алкагында ишке ашырылууда.
«Жаңы ачылып жаткан музейден айтылуу балбандын өзүнө таандык кийим-кече жана буюмдары, фотоаппаратка тартылган эксклюзивдүү сүрөттөрү жана башка сейрек кездешүүчү экспонаттарды табууга болот», -деп билдиришти уюштуруучулар.
Музейдин ачылыш аземи 5-февралда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда орун алат. Башталышы 11:00дө.


