УКМК мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун кылмыш ишин Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, тараптар менен таанышуу процесси аяктады, эми 53 томду башкы көзөмөл органы изилдеп чыгып, кайсы сотко берет аныкташат.
«Биринчи Май райондук соту толуп калган. Ишти башка райондук инстанцияга өткөрүп бериши мүмкүн», -дешти прокуратурадан.
Сапар Исаков 2017-жылдын августь-апрель айында өкмөттү башкарган. Ага ЖЭБти модернизациялоо иши боюнча айып тагылып, учурда УКМКнын абагында.