23:56
USD 87.45
EUR 101.98
RUB 1.14

Динара Аширова башталгыч кесиптик билим берүү Агенттиги менен соттошууда

№ 92 лицейдин мурунку директору Динара Аширова башталгыч кесиптик билим берүү Агенттиги менен соттошууда. Бул тууралуу ал өзү 24-kg.com агенттигине билдирди.

Айтымында, агенттиктин директору Таалайбек Чолпонкулов бир күндө эле аны кызматтан кетирүү тууралуу 2 буйрукка кол койгон.

«Алгач ал мени өз ыктыярым менен кызматтан кетирген, ошол эле күнү сөгүштүн негизинде берене боюнча кызматтан кетирүүнү чечти», -деди Динара Аширова. Буга чейин ал иштен куугунтук болгонун жана сабалганын билдирген болчу.

Таалайбек Чолпонкулов Динара Ашировага карата 2 буйрукту бир күндө даярдаганын мойнуна алды.

«Мен ага өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө сунуш кылдым. Бирок, ал макул болгон жок. Мындан улам экинчи вариант менен кызматтан кетирдик. Бир жылда ал 5 сөгүш алган. Анын эреже бузгандыгы тууралуу арыздар комиссия тарабынан тастыкталды. Лицейдин жатаканасынын бөлмөлөрүн чоочун кишилерге берип, ал эми студенттерден мыйзамсыз акча чогулткан. Бир жарым жыл ичинде 24 мугалимди кызматтан кетирип, 9 жолу 2 орун басарын алмаштырган», -деди Таалайбек Чолпонкулов.

Агенттик № 92 жана № 10 лицейлерди бириктирүүнү чечкен.

«№ 92 лицей өз ордунда калат, профиль дагы өзгөрбөйт. Болгону административдик штат кыскарат. 150 студентке директор менен анын 2 орун басары көптүк кылат. Эки лицейди бириктирип, жылына 1 миллион сомду үнөмдөйбүз», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар