Уюштуруучулардын бири «Альфа» атайын бөлүмүнүн Эл аралык ардагерлер ассоциациясынын улуттук уюмунун президенти Юрий Погибанын айтымында, фестиваль «Жеңиштин мураскорлору» ураанынын алдында үчүнчү жолу өтүп жатат. Бул жылы Бишкектен сырткары Ысык-Көл жана Кара-Балтадан аскердик-патриоттук клубдун мүчөлөрү келишкен.
Балдар мекенчилдикке үндөгөн ырлардан аткарып, согуштук искусствону, чеберчиликти көрсөтүштү.
Эске салсак, өлкө аймагында аскердик-патриоттук клубдардын саны 14. Катышуучуларга сыйлыктар 9-майда Жеңиш аянтында тапшырылмакчы.


