00:52
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.11

Эркиндик бульварында жыгачтан жасалган скульптура жоголуп кетти

Эркиндик бульварында жыгачтан жасалган скульптура жоголуп кетти. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине окурман билдирди.

Бишкек жашылдандыруу чарбасынан билдиришкендей, скульптура уурдалган жок, болгону аны реставрацияга алып кетишти. Оңдоо иштеринен соң кайра ордуна орнотушат.

«Мындан тышкары биздин усталар жыгачтан дагы 3 скульптура жасашты. Анын бири Эркиндик бульварына орнотулат», -деп билдиришти аталаган мекемеден.


Эң көп окулган жаңылыктар