08:27
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

«Ысык-Көл» аба майданы Ош шаарынан 88 жүргүнчүсү бар учакты кабыл алды

Тамчы айылында жайгашкан «Ысык-Көл» аба майданы Ош шаарынан 88 жүргүнчүсү бар учакты кабыл алды. Бул тууралуу «Манас» аба майданынан билдиришти.

«Тез Жет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ысык-Көлдүн жээгине жүргүнчүлөрдү калтырып, кайра Ошко 50 адамды ташып кетти.

«Ош-Тамчы-Ош каттамы боюнча учак жумасына төрт жолу: дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү учуп турат», -деп билдиришти аба майдандан.

Эң көп окулган жаңылыктар