09:33
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкекте эвакуаторлордун иши жанданат

Бишкекте эвакуаторлордун иши жанданат. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин туура эмес жайга токтотулган унааларды эвакуациялоо ишин «Портал групп» ЖЧКсы алектенип келген. Келишим 2022-жылга чейин түзүлгөн. Бирок, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы контрактты жокко чыгарып, өз алдынча унааларды эвакуациялап баштаган. Башкармалыкта 8 даана эвакуатор бар.

Бүгүн саат бирден кийин алар Бишкектин унаа кыймылы жыш болгон аймактарын кыдыра башташат.

Эң көп окулган жаңылыктар