Кыргызстанда 1 миң 200 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бузуулар тууралуу кодексте «Баланын туулгандыгын каттоо мөөнөтүн бузуу» беренеси бар. Ага ылайык, айып пулдун көлөмү 1 миң сомду түзөт.
Өкмөт ушул жылдын 31-декабрына чейин калкты документтештирүү боюнча улуттук кампания өткөрмөкчү. Анын алкагында балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жөнөкөйлөтүлгөн тартипте, айып пулсуз берилет.


