03:05
USD 87.45
EUR 101.98
RUB 1.14

Сапар Исаковдун абалы салыштырмалуу канааттандыраарлык

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун абалы салыштырмалуу канааттандыраарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мурунку өкмөт башчы дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Ал керектүү дары-дармектерди алып жатат.

«Сапар Исаковдун тарапташтары социалдык тармактарга жазып, дарыгерлер так диагнозун аныктай албай жатат деп таркатышууда. Ал ооруканага 16-августта клип түшкөн, ага «омуртка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлган», -деп билдиришти министрликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар