15:06
USD 87.45
EUR 102.59
RUB 1.10

Окурман: Эркиндик бульварындагы балдар отургучтарын алып салышты

Бишкектеги Эркиндик бульварындагы жаңы аянтчада орнотулган пластмассадан жасалган балдар отургучтарын алып салышты. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине окурман билдирди.

Айтымында, отургучтар балдардын салмагына эсептелген, бирок ага ата-энелер да отуруп жүргөн. Мындан улам отургучтар ийилип калган. «Отургучтар балдар үчүн деп атайын кулактандыруу да илинген, бирок ата-энелер буга көңүл да бурушкан жок. Талкалап салышкан окшойт», -деп боолголойт окурман.

Эске салсак, жаңы аянтча июлдун башында ачылган.

Эң көп окулган жаңылыктар