02:32
USD 87.45
EUR 100.93
RUB 1.10

Үч жыл мурда АКШга чыгып кеткен журналист Адилет Айтикеев грин-карта алды

Журналист Адилет Айтикеев АКШда грин-карта утуп алды. Бул тууралуу маалыматты 24-kg.com агенттигине ырастады.

Адилет Айтикеевдин айтымында, ал АКШда качкын макамын алган эмес.

«Мен качкын макамын алуу үчүн үч жылдан бери кезекте турганмын. Ошол эле учурда грин-карта алуу үчүн да кагаздарды тапшырганмын. Жакында грин-карта утуп алдым. Эми качкын макамын албайм. Ал иш жабылат. Анүстүнө Кыргызстанда дагы кырдаал өзгөрүп калбады. Мен Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда куугунтукка алынган болчумун», — дейт Адилет Айтикеев.

Журналист 2016-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен. Быйыл август айында, Кой-Таштагы окуядан кийин анын иниси, «Апрель» телеканалынын журналист Мирбек Айтикеев дагы АКШга кеткени айтылууда.

«Мирбек кайда жүргөнүн билбейм. Маалыматым жок, жанымда эмес», — дейт Адилет Айтикеев.

Эң көп окулган жаңылыктар