04:07
USD 87.45
EUR 101.98
RUB 1.14

Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча Эйр Манас авиакомпаниясынын каттамы иштеген жок

«Манас» жана «Ош» аба майдандарында бүгүн Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча «Эйр Манас» авиакомпаниясынын баардык каттамдары иштеген жок. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине учакта уча албай калган жүргүнчүлөр билдиришти.

«Манас» эл аралык аба майданы маалыматты тастыктады. Техникалык себептерден улам 6 каттам аткарылбай калган.

Техникалык себептер жоюлгандан кийин каттамдар иштеп баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар