Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонд Бишкектеги Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде тургузулган эл артистинин эстелигин кайра оңдоп баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Скульптор Алмаз Кожогуловдун иши көп талаш-тартышты жараткан. Көпчүлүк эстеликти Сүймөнкул Чокморовго окшоштурган эмес.


