19:30
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Футбол. Кыргызстандын улуттук курама командасы Жапондуктардан утулуп калды

Бишкекте өткөн футбол мелдешинде Кыргызстандын улуттук курама командасы Жапондуктардан утулуп калды. Оюндун биринчи бөлүгүнүн 41-мүнөтүндө жана экинчи бөлүктүн 53-мүнөтүндө атаандаштар дарбазага топту киргизишип, эсеп 2:0 болду.

Эске салсак, 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы мелдеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду.

Кыргызстан 19-ноябрь күнү Тажикстандын курама командасы менен беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.



Эң көп окулган жаңылыктар