Мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин актоочу өкүмү күчүндө калды. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине жактоочу Икрамидин Айткулов билдирди.
Анын айтымында, биринчи инстанциянын чечимин бүгүн Бишкек шаардык соту колдоду.
Эскерте кетсек, 2010-жылы ИИМди жетектеген Молдомуса Конгантиев 5-июль күнү акталган. Прокуратура аны айыптуу деп таап, алты жылга эркинен ажыратып, 100 миң сом айып салууну талап кылган. ИИМдин мурунку башчысына карата 2010-жылдын апрель окуяларында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагылган. 7-апрелде ал Кыргызстандан чыгып кеткен. Бирок, көп өтпөй Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, Бишкекке экстрадицияланган.
Биринчи май райондук соту Молдомуса Конгантиевге карата актоочу өкүм чыгарган болчу.


