Бишкектеги № 2 калкты тейлөө борборунда кезекке тургандардын саны өтө көп. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине окурман билдирди.
Эске салсак, аталган калкты тейлөө борбору «АЮ Гранд Комфорт» соода борборунда орун алган.
Каттоо кызматынан билдиришкендей, Кыргызстанда быйыл 10 кошумча калкты тейлөө борборлору ачылат.


