01:35
USD 87.45
EUR 101.72
RUB 1.10

Жол киренин баасын көтөргөн таксисттерге чара колдонулат

Жол акысын көтөрүп жаткан таксисттерге чара көрүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигин пресс-кызматкери 24-kg.com агенттигине маалымдады.

Бул жагдай боюнча «Кыргыз автобекети» мамлекеттик мекемеси шаар аралык каттаган таксисттерге тушүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Маалыматка ылайык, автобекеттин директору «Ош, Ыссык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы жол акысы көтөрүлгөн жок. Эгер айдоочулар бааны көтөрө турган болсо буга байланыштуу чаралар көрүлөт», — деген.

Буга чейин 24-kg.com агенттиги таксиситтердин жол акысын кымбаттаганына күбө болсо Финансы полициясына кайрылууго болоорун жарыялаган.

Эске сала кетсек, Бишкектик жаран, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна баруу үчүн мурда 600 сом болсо азыр 1,500-2000 сомго чейин көтөрүлүп кеткендигин 24-kg.com агенттигине кайрылып, нааразычылыгын билдирген .

Эң көп окулган жаңылыктар