Токмок шаарында 15 жаштагы өспүрүм кыз толук курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйлөрдүн биринен боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ 24-kg.com агенттигине маалымдады.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, бир нече күн мурун өспүрүм туугандары менен таарыныша кеткен.«Каза болгон өспүрүмдүн атасы 7-июнда милиция кызматкерлерине кызы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айтып, арыз менен кайрылган. Анын жансыз денесин 10-июнда табышты. Өспүрүм толук курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан өзүн таштаган. Окуянын чоо-жайы аныкталууда», — деп кошумчалады ИИБ.


