12:40
USD 87.45
EUR 101.07
RUB 1.09

Ош шаарында бардык базарлар дезинфекциялоо үчүн жабылды

Ош облусунда дезинфекциялоо үчүн бардык базарлар жабылды. Бул тууралуу Ош мэриясынын пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, дезинфекциялоо иши борбордук базарда, «Келечек», «Тешик-Таш» базарларында жана бардык кичи райондордогу базарларда жүрүп жатат.

Мэрия, күн сайын санитардык-эпидемиялык норма жана тартип боюнча бардык базарларда текшерүү иши жүрүп турарын кошумчалады. Ал эми жарандарды бет кап тагынууга жана аралыкты сактоого чакырат.
Эң көп окулган жаңылыктар