13:21
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Экс-президенттин энеси 95 жашында дүйнө салды

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын энеси Салийка Даниярова кайтыш болду.

Маалыматка караганда, маркумдун сөөгү 30-июнда Аламүдүн районунун Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлат.

Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас районундагы Кеңеш айылында туулган. 40 жыл мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.

24-kg.com агенттиги Роза Отунбаевага көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Эң көп окулган жаңылыктар