15:05
USD 87.45
EUR 101.82
RUB 1.12

Улукбек Марипов бир тууган инисин Ноокта районунун акими кызматынан бошотту

Премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык, бир тууганы Бакытбек Марипов Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы — акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу окмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул Улукбек Мариповдун премьер-министри кызматындагы алгачкы чечимдеринин бири жана кызыкчылыктар кагылышын жокко чыгаруу максатында кабыл алынды. Себеби Бакытбек Марипов учурдагы өкмөт башчынын бир тууган иниси болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар