Опузалоого жана алдамчылык айыбы менен соттолгон Мелис Аспеков абактан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты24-kg.com агенттигине Жаза аткаруу кызматынан ырасташты.
Маалыматка караганда, Мелис Аспеков президент Садыр Жапаровдун мунапысы менен бошотулду.
Мелис Аспековдун жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 19-январда күчүнө кирген. Ал 2027-жылы бошотулушу керек болчу.
Мелис Аспеков 2020-жылы октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун жанында жүргөн.