«Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын курамы өзгөрөт. Боршайкомдон билдиришкендей, бүгүн отурумда депутат Абдывахап Боронбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандатты Саидбек Зулпуевге өткөрүп берүү маселеси каралат.
24-kg.com агенттигине өз булактарынан белгилүү болгондой, Абдывахап Боронбаев ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу арыз жазган. Эскерте кетсек, ал парламентке келгенге чейин Түштүк-Батыш бажысын жетектеп келген.
Ал эми Саидбек Зулпуев — ишкер, Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттигинин мурунку директору болуп иштеген.