19:52
USD 87.45
EUR 102.59
RUB 1.10

Ош облусунда аял эки баласы жана жээни менен иске ууланып каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда 31 жаштагы аял, анын алты жаштагы уулу, үч жаштагы кызы жана жети жаштагы жээни көмүрдүн исине ууланып каза болду. Бул жөнүндө 24-kg.com агенттигине облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Кызыл-Шарк айылынын тургундары болгон. Тез жардам бригадасы барган учурда үй-бүлө мүчөлөрү каза болуп калган.

«Туугандары экспертизадан баш тартышты. Алардын сөөгүн карап, акт түзүп, туугандарына өткөрүп беришти», — деп билдирди мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар