15:29
USD 87.39
EUR 102.05
RUB 1.09

Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры Москвада беш спектакль көрсөтөт

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры Москвада беш спектаклин тартуулайт. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, гастроль 30-августтан 3-сентябрга чейин болоору такталды. Моссовет театрынын сахнасында көрүүчүлөр жаңы спектаклдерди — «Күрөк ханышасы», «Мастер жана Маргарита», «Сүйүү жана көгүчкөндөр», «Баба Шанель» жана «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» спектаклдерин көрүшөт.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн кошумчалагандай, бишкектик театр артисттеринин спектакли Росконцерттин жана Россия Федерациясынын Маданият министрлигинин колдоосу менен «Чоң тур» театр долбоорунун аркасында мүмкүн болду

Эң көп окулган жаңылыктар