Эртең, 2-ноябрда борбор калаанын борбордук аянтында маданият кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу 24-kg.com басылмасына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ала-Тоо аянтындагы майрамдык концерт саат 18.00дө башталат. Анда кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздары концерт беришет.
«Бул майрам өз өмүрүн өлкөбүздүн маданий мурастарын өнүктүрүүгө жана сактоого арнаган ар бир адамга болгон сый-урмат. Бул маанилүү күндү чогуу белгилөө үчүн бүт үй-бүлөңүз менен келиңиз жана Кыргызстандын маданият ишмерлерине колдоо көрсөтүңүз», — деп белгиледи Маданият министрлиги.
Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы 24-kg.com басылмасына билдиргендей, майрамдын урматына Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 17.00дөн баштап жабылат.
ИИББ жол кайгуул кызматы жарандарынан жана конокторунан саякат маршруттарын алдын ала пландаштырууну суранат.


