Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» постунда Төө-Ашууга чейинки оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды.
Бул тууралуу 24-kg.com басылмасына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
13-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилгенин билдирген.


