00:27
USD 87.45
EUR 103.65
RUB 1.15

Кыргызстан -Иран беттеши. Бишкектин борборунда унаа кыймылына чектөө киргизилет

Кыргызстан менен Ирандын курама командаларынын футболдук беттешине байланыштуу Бишкектин борбору унаалар үчүн жабык болот. Бул тууралуу 24-kg.com басылмасына Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо раундунун алтынчы турунда эки команданын беттеши 19-ноябрда борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 18.00дө болот.

Саат 14.00дөн баштап спорттук иш-чара аяктаганга чейин жолдордун төмөнкү тилкелери жабылат:

— Фрунзе көчөсү Тоголока Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин;

— Тоголока Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана альтернативдүү жолдорун алдын ала пландаштырууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар