11:12
USD 87.45
EUR 102.67
RUB 1.15

Кыргызстанда бензиндин баасы арзандады. Бирок бул убактылуу

Январь айында Кыргызстанда бензиндин баасы арзандады. Бул тууралуу 24-kg.com басылмасына Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, күйүүчү майдын баасы эки эсеге арзандады.

«2024-жылдын декабрь айында бензин 3 сомго, 2025-жылдын январында 4-5 сомго арзандаган. Бул калган күйүүчү-майлоочу майларды сатуу үчүн сезондук арзандатуулар», — дейт Канат Эшатов.

Ошол эле маалда нефтетрейдерлердин божомолуна ылайык, Орусияда жаңы жылдык майрамдардан кийин күйүүчү-майлоочу майдын баасы кайрадан кымбаттайт.

Эң көп окулган жаңылыктар