20:01
USD 87.45
EUR 101.07
RUB 1.09

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы каржылык эркиндик берилишин көздөйт

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясына каржылык эркиндик берилишин каалайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Билим берүү министрлигинин башчысы Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Ал «Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда депутаттарга алып чыкты. Документте КР Улуттук илимдер академиясын каржылоо булактарынын тизмесин кеңейтүү сунушталууда.

«Мекемеге бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдаланууга, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык илимий долбоорлорго катышууга, имараттарды ижарага берүүгө уруксат берүү сунушталууда», — дейт Догдуркүл Кендирбаева.

Ал ошондой эле КР Улуттук илимдер академиясы илимий-өндүрүштүк бирикмелерди түзүүнү пландаштырып жатканын белгиледи. Алар өлкөдөгү ишканалар менен кызматташат.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов билдиргендей, мекемеге былтыр бюджеттен 499 миллион сом, быйыл 510 миллион сом бөлүнгөн.

Талкууланып жаткан мыйзам долбоорунда чиновниктер Илимдер академиясынын президентин мамлекет башчысы дайындоону да сунуштап жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар