01:48
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.04

Веложүрүш сезону: Бишкектин жогорку бөлүгүндөгү көчөлөрдүн бир бөлүгү жабылат

Бишкекте Абсамат Масалиев проспектисинин Байтик Баатыр көчөсүнөн Чортекова көчөсүнө чейинки бөлүгү жолдун түндүк тарабы 6-апрелде убактылуу жабылат.Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чаралар Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынан саат 10:00дө башталган веложүрүшкө байланыштуу болууда. Бардык каалоочулар үчүн каттоо саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт.

Катышуучулар «Газпром-балдар үчүн» спорттук-эс алуу комплексинде жыйынтыкталып, спорт күйөрмандарын оюн-зоок программасы күтөрү белгиленген. Айланма жолдун узундугу 5,5 чакырымды түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар