Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын алгачкы төрт айында 44 миң 666 балага 178 миллион 940 миң сом өлчөмүндөгү «Балага сүйүнчү» жөлөкпулу берилген.
Салыштыруу үчүн айта кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде 48 534 балага 194 миллион 963 миң сом төлөм берилген.
Ведомстводон билдиришкендей, ар бир баланын төрөлүшү үчүн бир жолку төлөм 4 миң сомду түзөт. Бир убакта үч же андан көп бала төрөлгөндө ар бир балага 50 миң сомдон «балага сүйүнчү» төлөнөт.
Бир жолку төлөм алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына кайрылуу керек. Бир жолку жөлөкпул алуу жөнүндө арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде берилүүгө тийиш.
Каражаттар арыз берилген күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде банктык эсепке которулат. Аларды Элдик Банктын жана Айыл Банктын каалаган филиалынын кассасы аркылуу арыз берилген күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен алууга болот.
Эсиңизде болсун: арызды толтурууда туура уюлдук телефондун номерин көрсөтүшүңүз керек, анткени байланыш телефондоруна акча которулгандан кийин банк аркылуу SMS-билдирүү жөнөтүлөт.