08:35
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Быйыл 500 миң заманбап электр эсептегичтери орнотулат

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК 2025-жылдын башынан бери өлкө боюнча жеке керектөөчүлөр үчүн 200 миңден ашык заманбап электр эсептегичтерди орнотту. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «акылдуу» эсептегичтер электр энергиясын керектөөнүн эсебин онлайн режиминде жүргүзүүгө, көйгөйлөрдү тез аныктоого, уруксатсыз кошулууга бөгөт коюуга жана эсептөөлөр үчүн так маалыматтарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, жаңы система керектөөчүлөргө энергияны сарамжалдуу пайдаланууну эффективдүү башкаруу мүмкүнчүлүгүн берет, бул ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсы 2025-жылдын аягына чейин кошумча 300 миң акылдуу аппараттарды орнотуу пландалып жатканын, анын жалпы санын 500 миңге жеткирээрин белгилейт. Жабдуулар республика боюнча, анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу конуштарда орнотулган. Калк арасында жаңы аппараттарды колдонуу эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Эң көп окулган жаңылыктар