Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору болуп Сергей Волков шайланды. Бул тууралуу окуу жайдын башкаруу кеңешинин уюштуруу жыйынынын жыйынтыгы боюнча басма сөз кызматы билдирди.
Анын талапкерлиги бир добуштан колдоого алынганын КРСУдан 24-kg.com агентигине билдирди. Бул кызматка үч талапкер ат салышкан.
Ал эми 2024-жылдын октябрынан бери Сергей Волков университеттин ректорунун милдетин аткарып келген.
Эске салсак, 26-июнда КРСУнун Камкорчулар кеңешинин жыйыны өтүп, анда кеңештин жаңы курамы шайланган. Вице-премьер-министр, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев төрага болду. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков анын орун басары болуп бекитилди.