22:50
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанда 162 миңден ашык бала мектепке катталды

Кыргызстанда 163 миңге жакын бала мектепке катталды. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарында айтылат.

Анын ичинде 2,3 миң бенефициарлар. 126 миңден ашык орун бош бойдон калууда.

Бишкек шаарында 13,5 миң бала 1-класска, 15,6 миң бала экинчи класска кабыл алынган.

Белгилей кетсек, 2-июндан тарта электрондук каттоо иш жүзүндө жашаган жери боюнча (каттоо дарегине карабастан) жүргүзүлүүдө. Ал 15-августка чейин созулат.

12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу биринчи жана экинчи класстарда каттоо бир убакта жүргүзүлөт. 2018-жылы төрөлгөн балдар система тарабынан автоматтык түрдө экинчи класска, 2019-жылы төрөлгөндөр биринчи класска коюлат.

2019-жылы төрөлгөн балдар Наристе мектебине 480 сааттык даярдоо программасын бүтүргөн болсо, алар да 2-класска бара алышат. Ал үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдары balalyk.edu.gov.kg электрондук базасына маалыматтарды киргизиши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар