23:32
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Милиция бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу учурунда коомдук тартипти камсыз кылды

Өлкө боюнча жалпы билим берүү мекемелеринде бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик билим берүү документтерин тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө.

Мектептерде, коомдук жайларда жана көчөлөрдө коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт, деп билдирет ИИМ.

Ички иштер органдарынын күзөттөрү массалык эс алуу жайларында, ошондой эле калктуу конуштардан тышкары жерлерде — суу объектилеринин жанындагы тоолордо жана көлдөрдүн жээктеринде уюштурулат. Бүтүрүүчүлөрдүн жана алардын ата-энелеринин алыскы жерлерге уруксатсыз массалык түрдө баруусуна жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулат.

Бүтүрүүчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында иш-чаралар өтүүчү жайлардын жанында жана трассаларда милициянын мобилдүү кайгуул кызматы иштейт.

Көрүлгөн чаралар укук бузуулардын алдын алуу, кырсыктарды болтурбоо жана майрам күндөрү бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Иш-чарага тартылган кызматкерлерге мыйзамды жана кызматтык тартипти сактоо боюнча көрсөтмөлөр берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар