Бүгүн, 1-июлда Бишкекте министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпиону Злата Аркатованы жана анын командасын жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Минкаб башчысы Злата Аркатованы өспүрүмдөр арасында көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионатында булава дисциплинасы боюнча алтын медаль жеңип алуусу — бул тарыхый жеңиш экенин белгилеп, Кыргызстан биринчи жолу гимнастика боюнча дүйнөлүк чемпиондук бийиктикке жеткенин билдирди.
«Жеңишиң менен Кыргызстанды дүйнө жүзүнө даңазаладың. Кыргызстандын желегин бийик желбиретип, биздин гимнди дүйнөлүк аренада жаңырттың. Өзүңдүн бийик деңгээлдеги чеберчилигиң, талантың, эркиң менен кыргыз гимнастикасы дүйнөлүк эң жогорку сыйлыктарга татыктуу экенин далилдедиң»-деди ал.

«Бүгүнкү ийгиликке командалык иш, талыкпас эмгек, жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк менен жетиштиңиздер»-деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону Злата Аркатова жана анын машыктыруучуларына акчалай сыйлык сертификаттарды тапшырды.