2025-жылы Кыргызстандын бардык аймактарындагы кесиптик лицейлердин 1300дөн ашуун окуучусу жайкы эс алуусун «Келечек» бирдиктүү аталыштагы эмгек жана эс алуу лагерлеринде өткөрө алышат.
Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, лагерлер төмөндөгүлөрдүн негизинде уюштурулат:
Ысык-Көл районундагы Кош-Көл айылындагы № 85 кесиптик лицейи;
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы No39 кесиптик лицейи.
«Бул жылы программага катышуу үчүн кесиптик лицейлерден 1371 арыз түшкөн. Анын ичинен 66 лицейдин 1241 окуучусу Ысык-Көлдүн жээгиндеги лагерди тандаса, 9 лицейдин 130 окуучусу жайкы эс алуусун Токтогул районунда өткөрүшөт», — деп айтылат башкармалыктан.
Эс алууларды уюштурууга, анын ичинде тарбиялык жана чыгармачылык иш-чараларды өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 4,5 миллион сом бөлүнгөн.