01:40
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанда 2025-жылдын 5 айында 46,9 миң жумушсуз адам катталган

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров ведомствонун 2025-жылдын беш айындагы негизги жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Башкармалыкта калктын иш менен камсыз болушуна көмөк көрсөтүүгө чоң көңүл бурулуп жатканы белгиленген.

Акыркы эки жылда жумушсуздуктун деңгээли 14,7 пайызга кыскарды. 2025-жылдын июнь айына карата ал 1,7 пайызды түзөт. 2025-жылдын январь-май айларында 46,9 миң жумушсуз адам катталган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21 пайызга аз. Беш айдын ичинде 6 миңден ашык адам иш таап, 7 миңден ашууну ишке орноштуруу боюнча активдүү иш-чараларга катышты.

Жаштарга өзгөчө көңүл бурулат — «Жаштар практикасы» долбоору ай сайын төлөнүүчү стипендия менен кесипкөйлүккө ээ болууга жана кийин ишке орношууга мүмкүнчүлүк берет.

Министрликтин 2020-2025-жылдарга карата бюджети дээрлик 91 пайызга көбөйүп, 10,8 миллиард сомдон 20,7 миллиард сомго жеткени мамлекеттин жарандарды социалдык жактан коргоого олуттуу көңүл буруп жатканын айгинеледи.

Эң көп окулган жаңылыктар