01:48
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кылычбек Султан Кыргыз Республикасынын Пакистандагы жаңы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кылычбек Султан Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы элчиси Авазбек Атаханов ушул жылдын май айында ээлеген кызматынан бошотулган.

Кылычбек Султан Сереп Медиа, Super.kg маалымат сайттарынын жана «Супер-Инфо» гезитинин негиздөөчүсү. 2012-2013-жылдары Социалдык өнүктүрүү министри болуп иштеген. 2014-жылы Малайзияга элчи болуп дайындалып, 2016-жылы отставкага кетип, 2017-жылы Кореядагы элчи болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар