Ысык-Көл облусунун Түп районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам үч жерде сел жүрүп, анын кесепеттери жоюлууда. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, саат 11:30да Түп районунун Шаты айылында сел жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге райондук администрациянын жана айыл аймактын кызматкерлери жөнөп кетишти. Селдер учурдагы селди буруучу канал аркылуу өткөн. Каналды тазалоо иштери айыл аймактын эки экскаватору менен жүргүзүлүүдө.
Ошол эле күнү саат 13:30 чамасында Балбай айылындагы Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 179-чакырымында тоо коктуларынан түшкөн сел суулары кирген. Бул унаалардын кыймылын үзгүлтүккө учураткан жок. ӨКМдин райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу жана атайын техникалар жолдун бөлүгүн толугу менен тазалашты.
Ак-Булуң айылында 2 турак үйдүн короосуна сел кирсе, биринде жер төлөгө суу кирген. Кырсыктарды жоюуга бир жүктөгүч, 2 экскаватор жана бир самосвал тартылып жатат.
Селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.