Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы алты айда 1629 текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында 34 миллион сомдон ашык айып пул салган. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча:
• бузууларды жоюу боюнча 948 буйрук чыгарылган;
• жалпы 34 млн 485 миң сомго 2012 тартип бузуу протоколдору түзүлүп, анын 20 млн 887 миң сому өндүрүлгөн;
•30 млн 196 миң сомго 269 доо арыз менен кайрылган, бирок 8 млн 854 миң сом өндүрүлгөн.
Кызмат экологиялык жана техникалык талаптардын сакталышына, анын ичинде геологиялык иштерди жүргүзүүдө, жер казынасын пайдаланууда, ошондой эле көмүрдүн жана отундун сапаты чөйрөсүндө коопсуздук маселелерине мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашырат.
Текшерүү объектилери болуп тоо-кен ишканалары, ТЭЦ, отканалар, цемент заводдору, техникалык тейлөө станциялары, май куюучу станциялар, соода объектилери жана мамлекеттик органдар саналат.