11:04
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкекте дагы бир үч эм төрөлдү

Бишкекте дагы бир үч эм төрөлдү. Бул тууралуу маалыматты 24-kg.com агентигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Ысык-Көл районунун Корумду айылынын тургуну Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун перинаталдык борборуна жаткырылган.

Бул анын жетинчи кош бойлуулугу, ал эми төрөт бешинчиси болгон. 8-июль күнү борбордун жамаатынын макулдашылган ишинин аркасында 2535, 2345 жана 2520 грамм салмакта үч дени сак кыз төрөлдү.

«Орто даражадагы аз кандуулукка карабастан, кош бойлуулук ийгиликтүү аяктады. Кесарево операциясы пландалгандай, минималдуу кан жоготуу менен жасалды», — деп белгиледи Улуттук борбордон.

Эске салсак, июль айынын башында Шаардык перинаталдык борбордо дагы үч эм төрөлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар