Бишкек-Ош унаа жолунун 81-чакырымында жайгашкан «Сосновка» постунун аймагы жана кирүүчү жолдору асфальтталып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5770 чарчы метр аянтка асфальт төшөлдү.
Белгилей кетсек, буга чейин унаа тыгындарын алдын алуу жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында «Сосновка» жана «Кара-Көл» көзөмөл-өткөрүү пункттарында кирүү жолдор кеңейтилип, кошумча эки тилке кошулган.
Ошондой эле, калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, адам факторун жоюу жана коррупциянын алдын алуу максатында «Өндүрүш-инновация борбору» мамлекеттик мекемеси тарабынан жогоруда аталган өткөрүү пункттарында төлөмдөрдү чогултуу накталай эмес төлөм системасына өткөрүлдү.