04:02
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстандын ЖОЖдоруна 2025/26-окуу жылына 10 миң билим берүү гранты бөлүнөт

Кыргызстандын ЖОЖдоруна 2025/26-окуу жылына 10 миң билим берүү гранты бөлүнөт. Бул тууралуу 24-kg.com редакциясына Илим, жогорку билим жана инновация министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, орто кесиптик окуу жайларга 4 миң 131 грант каралган.

Белгилей кетсек, 2 миң 586 грант ваучердик каржылоо механизми аркылуу жогорку кесиптик билим берүү программалары (бакалавриат, адистик даражасы), ошондой эле педагогикалык багыттагы орто кесиптик билим берүү боюнча да бөлүштүрүлөт.

Буга чейин маалымдалгандай, ЖОЖдорго бөлүнгөн гранттык орундардын жалпы санынан өзүнчө квоталар пландаштырылган:

50 орун — Бүткүл республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган абитуриенттерди сынактан тышкаркы кабыл алуу үчүн;

550 орун — билим берүү тармагында кызматташуу боюнча учурдагы өкмөттөр аралык макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди аткарууга;

75 орун — чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн;

Майыптардын, жетим балдардын жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын ичинен жарандарды кабыл алуу үчүн 500 орун;

20 орун — 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, 2010-жылдын апрель-июнь жана 2021-жылдын апрель айларында болгон окуялардын натыйжасында каза болгон адамдардын балдарына жана кайрылман статусуна ээ болгондорго бөлүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар