Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 8-беренесине ылайык Астанакулов Байышбек Кахроманович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.