Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өрүктүн эрте сортторун жыйноо иштери башталганын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бышкан өрүктөр негизинен Орусия менен Казакстанга экспорттолот.
«Сатып алуучулар жүк ташуучу унаалар менен келишип, жергиликтүү түшүмдү арзан баада сатып алышат. Жергиликтүү тургундар жаңы бышкан өрүктүн баасы 30 сомдон 45 сомго чейин сатылып жатканын айтышты. Алардын айтымында, бул райондун тургундары үчүн арзан баада болууда.Өткөн жылдары өрүктүн баасы кээде 20 сомго чейин жетчү эмес. Сатып алуучулар жетиштүү, деп кошумчалайт айыл тургуну, ал эми бал таттуу өрүктүн «Королева» сорту жакында бышат», — деп белгилейт департаменттен.