01:27
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкектин борборунда газ беш күнгө өчүрүлөт

Жер астындагы орточо басымдагы газ түтүгүн кесүү иштерине байланыштуу 21-июлдан 25-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулду.Бул тууралуу «Бишкекгаз» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Көчөлөр менен чектелген аймактарда газ өчүрүлөт:

Калык Акиев, Чүй проспектиси, Токтогул, Фрунзе, Ибраимов, Сүйүмбаев, Жукеев-Пудовкин, Суванбердиев, Киев, Лев Толстой, «Кыргызавтомаш» заводу, макарон цехи, Жыргал, Байтур мончолору.

«Бишкекгаз» газ кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жаратылыш газын өчүрүү учурунда абоненттерди альтернативдүү энергия булактарына өтүүнү суранат.

«Иштер ишенимдүү жана коопсуз газ менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө. Биз жаратылыш газын пайдалануу коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардыгын жасайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар