Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык, райондук жана райондор аралык бөлүмдөрүндө 894 социалдык кызматкер 9 миң 242 жаранга үйүндө кам көрүүдө.
Министрликтен билдиришкендей, анын ичинде:
жалгыз жашаган улгайган жарандар — 3 676 адам;
майыптыгы бар жарандар — 2 274 адам;
жубайлар — 342 жуп;
оор турмуштук абалга туш болгон үй-бүлөлөр — 2 956 үй-бүлө.
Социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган улгайган жарандарга, майыптыгы бар жарандарга, кыймыл-аракетинде чектелүү болгондуктан өзүн-өзү камсыз кылууга жана ишке орношууга мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жубайларга жана оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө үй шартында жардам көрсөтүшөт.
Ар бир соцкызматкер тейлөөгө алынган жаранды башкармалыктын жетекчиси тарабынан бекитилген жеке графикке ылайык, жумасына эки жолу барып тейлейт.
Үй шартында социалдык жардам алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коңшулардын же жакын адамдардын муктаж болгон жарандар тууралуу жазуу түрүндө кайрылуусу талап кылынат.